«Ала-Тоодо» башкы балатыны орнотуу иштери башталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Балатыны «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коюп жатат. Быйыл Жаңы жыл майрамынын башкы символун чоң фонтандын ордуна орнотулары маалым болду. «Жаңы жыл майрамынын символикасынын бийиктиги 25, диаметри 12 метр, каркасына 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары бекитилет. Шаарды Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин созулат», — деп билдирди мэриядан.

Аргумент.kg