АКЫРКЫ КОҢГУРОО АЗЕМИНЕН «ФОТОРЕПОРТАЖ»
25-бугу, 2017-ж // //Бүгүн Бишкек шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты болду.
Борбордо 1048 окуучу 9-классты, 5747 окуучу 11-классты аякташты.
Бишкектеги №31-мектеп гимназиясында акыркы коңгуроо салтанаты болуп, ага Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий катышты.
Куттуктоо сөздөрүнөн соң кичинекей класстын окуучулары бүтүрүүчүлөрдү ыр-бий менен куттукташып, ал эми мугалимдер болсо концерттик программаларын тартуулашты.
Салтанаттын акырында бүтүрүүчүлөр вальс бийлешти.
Андан соң салтка айланган коңгуроо кагылды.
Булак: Каганат