Акылы кем ата-энемди болочок кайын-журтума тааныштыргандан уялам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Перизат: өз ата-энемден уялам Мени атамдын улуу агасы Бекиш чоң атам тарбиялаган. Ата-энемдин колунан окуталы деп беш жашымда алып кетишкен. Ата-энем тоодо турушат. Атам чоң атамдын малын карайт, апам үй иштери менен алек. Экөө тең акылы боюнча артта калган, тубаса кем акыл. Баарын жакшы түшүнүшөт. Ушунчалык жүрөгү таза адамдар. Мен барганда сүйүнүп тамды айланып чуркашып, болгон тамагын жайып тосуп алышат. Кетип жатсам, экөө тең колумдан тартып, кетпе деп суранышат, жаш балача ыйлашат. Эмне үчүн ата-энем башкаларга окшош эмес деп, кудайга таарынып көп жолу ыйладым. Бекиш чоң атам менен чоң энем мени балдарынан кем кылбай багып, окутуп, кийинтип, университетке өткөрүштү. Курбуларым, жигитим аларды менин ата-энем, деп ойлошот. Эч ким акылы кем адамдардын кызы экенимди билбейт. Кээде өзүмдү ушунчалык жек көрүп кетем. Акылы кем болсо да, жүрөгү таза ата-энемден уялганыма ачууланам.Жакында турмушка чыгам. Чоң атамдарга менин ата-энем болуп берип койгулачы деп сурандым. Алар макул болушту. Жаңы турмушумду калп менен баштагым келбейт. Бирок, кайын-журтума айтсам, мени келин кылбай коюшабы, деп корком. Жигитим таштап кетсечи? Же баарын ачык айтсамбы? Мага кеңеш бериңизчи? http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg