Акылбек Жапаровдун жүрөгү ооруп ооруканага түштү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жүрөгү ооруп жана кан басымы төмөндөп, ооруканага түштү.

Ал бүгүн эртең менен Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

«Ага электрокардиография жана коронарография процедуралары жасалганда инфаркт миокарды тастыкталган жок. Бирок жүрөк-кан тамыр спазмасы аныкталды. Учурда министрлер кабинетинин башчысынын абалы туруктуу, канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин консилиумунда Жапаровдун ден соолугун калыбына келтирүү үчүн ооруканага жаткырып дарылоо чечими кабыл алынган.

Аргумент.kg