Акылбек Жапаровдун ордуна Алмаз Бакетаев каралып атабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Парламент депутаттары тарабынан Акылбек Жапаровду өкмөт башынан кетирүү талабы коюла баштады. Бир катар сын-пикирлер коомчулук тарабынан да айтылууда. Ээрден көчүк кылтыңдай баштаганда, жөн жерден шамал сокчу эмес эле. Акүй ичиндеги тар чөйрө козуй баштаптыр. Эгерде Акылбек Жапаров отставкага кетсе, ордуна финансы министри Алмаз Бакетаевдин дайындалары ыраспы? Албетте, бул азырынча сөз жүзүндө. А биздеги саясаттын оролунан алсак, ириде талкууга жем таштап, андан соң реалдуу чындыкка айланып кетчү эле. Көрө жаталы.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg