
Акылбек Жапаров :Жаман адаттардан арылгыла.Сууну үнөмдөп,транспорт менен жүргүлө
23-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды көнүп калган адаттарынан арылууга чакырды.
Ал кечээ Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүү шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөнүн маалымат кызматы билдирди. Анда өкмөт башчы коомчулукту планетанын ресурстарын үнөмдүү колдонууга үндөгөн.
«Электр энергиясын үнөмдөөчү лампаларды колдонуу, коомдук транспорт менен жүрүүгө өтүү, таштандыны ылгоо, сууга сарамжалдуу мамиле кылуу — мындай кадамдарды жасоо ар бир адамдын колунан келет, болгону адаттарыбыздан арылышыбыз керек», — деди Жапаров.
Булак:Аргумент кж