Саясат

Акылбек Жапаров убадаларын унуткарып кетсе, чын эле торго илинеби?

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бажыдагы, салыктагы коррупциялык иштерди тыкыр көзөмөлдөп, “чычканга кебек алдырбагандай” шартта иштеп атканын айткан. Бирок жакында эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бажыдагы, салыктагы каражаттарды эске алып, “солго кеткен” миллиондорду бюджетке түшүрөрүн каңкуулады. Фокус көрсөтүп калганыбы? Ошондо Камчыбек Ташиевдин короосуна таш ыргытып аткандагысыбы? Же кошумча салык алуу, бажынын кирешелери көбөйүп кетеби? Инвестиция илгерилебей атканда, Кыргызстандын казынасын кайдагы миллиарддар менен толтурат? Айтор, суроолор көп. Акырында Акылбек Жапаров айткандарын аткара албай калып, президент эскерткендей, жоопкерчилиги жардын кырына илинеби? Жогору жактагылардын баамында, Акылбек Үсөнбекович сөзүнөн адашып, убадаларын унуткарып кетсе жөн калбайт го? Соңку убакта маанайы начарлап калганы жөн жерден эмес сыягындай…

«Азия Ньюс» гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *