
Акылбек Жапаров: Төлөй албасак өлөлүбү? Минкабинет пенсия, пособие, боюнча Конституциялык сотко кайрылды
16-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 16-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин Баш мыйзамдын 44-беренеси боюнча Конституциялык сотко кайрылганы боюнча депутат Адахан Мадумаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго суроо узатты:
-Кечээ Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренеси, пенсия, пособие, жөлөк пулдар боюнча Конституциялык сотко кайрылды деген маалымат тарады. Эмне максатта кайрылдыңар?
Акылбек Жапаров бул суроого мындайча жооп берди:
-Ар бир өлкө өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, социалдык төлөмдөрдү төлөйт. Ошол боюнча түшүндүрмө берүүнү сурандык, Конституциялык соттон-деди. -Биз колубуздан келген гана жардамды бере алабыз.
Адахан Мадумаров: -Анда эмнеге Конституцияга ошентип жазып койдуңар?
Акылбек Жапаров: -Жазылып жатканда мен ошол пунктка каршы чыккам. Бирок ошондой формулировка болуп калды.
Адахан Мадумаров: -Анда каршы чыккан позицияга иштебеш керек да. Мен пенсия, пособие, жөлөк пул төлөй албайм деп айтыш керек да.
Акылбек Жапаров: -Мен төлөй албайм. Министрлер кабинети төлөйт, өзүнүн алына, экномикасына жараша. Бүт дүйнө жүзү ошондой. Жашоо минимуму, корзина жыл сайын өзгөрүп турат.
Адахамн Мадумаров: -Туура.
Акылбек Жапаров: -Аны кубалап жеткен Америкада да жок, Японияда да жок. Ошондуктан эгерде ошондо кызуу кандуулук кылып формулировкада. Так маалымат болуш үчүн Конституциялык сотко кайрылдык.
Адахан Мадумаров: -Конституциялык сотко кайрылуунун кажети жок. Ал жерде “төлө” деп турат. Бүттү.
Акылбек Жапаров: -Төлөй албасак өлөлүбү?
Адахан Мадумаров: -Анда Конституцияны аткарбайбыз, иштей албайбыз дегиле.
Акылбек Жапаров: -Конституцияга түшүндүрмөнү Конституциялык сот гана берет.
Адахан Мадумаров: -44-беренеде так жазылып турат, Кыргызстанда пенсия, пособие, жөлөк пулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт деп турат. Бүттү.
Акылбек Жапаров: – Керектелүүчү корзинаны өкмөт тактайт. Жыл сайын көбөйүп турат. Бирок ошону так аткарганга жетпей турат.
Адахан Мадумаров: -Анда Конституция күмөн экен да. Сиздин милдетиңиз Конституциянын беренелерин так аткаруу. Эмнеге ушул кезге чейин каршы чыкпадыңыз?
Адахан Мадумаров: -Эң төмөнкү жашоо куржуну канча?
Акылбек Жапаров: -6800 сом.
Адахан Мадумаров: Эң төмөнкү пенсия канча?
Акылбек Жапаров-1200 сом.
Адахан Мадумаров: -Көрдүңөрбү, айырма 5 миңден ашык.
Мадумаров: -Урматтуу кесиптештер, өткөндө эле айттым эле, Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренесин аткарбаганы үчүн эле кызматтан кетиш керек.