Акылбек Жапаров өкмөт башчылыктан кетсе, айлык, пенсия берилбей калабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Соңку убакта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдогон коомдук ишмерлер, журналисттер, блогерлер Акылбек Жапаровду сындай башташты. Чабуулга өтүштү. Баарын мисалга келтирип, аттарын атабай эле коёлу. ЖМКны, соцтармакты тыкыр окуп, анализ кылгандар байкашып, акыл калчап калышты. Алгач коомчулук астында ой-пикир калыптандырып, кургуйга жакындатып, анан өкмөт башынан кетирүү амалы көрүлгөн чагыбы? Кызыгы, Акылбек Жапаровго ачык эле каршылык көрсөтүү, ачуу сындарды айтуу кызыды. Сыягы, рейтингин түшүрүп, жазга жеткизбей ээрден оодарышабы? Ал эми өкмөт башчынын тарапкерлери бир ооздон олуттуу ой-пикирлерди айтышууда. “Эгерде Акылбек Үсөнбекович кызматтан кетсе, анда айлык акы, пенсия берилбей калат. Азыркы бийликтеги эң акылдуу жетекчи, күчтүү экономист, финансисттен айрылышса, аягы жакшы бүтпөй калат го?” дегендер да өз ара копшолууда. Кызык бекен? Айтор, бийлик короосунда абал тынч эмес окшойт…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg