
Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев гантель көтөрүп, күчтөрүн сынады
14-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМинистрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ак илбирс» балдардын эс алуу борбору жана ден соолукту чыңдоо комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты.
УКМКнын алдындагы бул комплекс Жалал-Абад облсунун Базар-Коргон районунда жайгашкан.
Комплексте 120 орундуу жатакана, китепкана, 100 орундуу кинотеатр, машыгуучу залдар, кичи футбол аянтчасы, спорт аянтчалары, 2 бассейн жана ашкана бар.
Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев эс алуу жайын көрүп, машыгуу залында гантель көтөрүп, күчтөрүн сынашты. Анда Ташиев 25 килограммдык гантелди 5 жолу көтөрдү.
Булак: Аргумент кж