Акылбек Жапаров: “Келинчегим 10 жылдын ичинде 1 млрд. 200 млн. сомдон ашык салык төлөдү”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сиз өзүңүздү олигархтардын катарындамын деп эсептейсизби? Бул суроонуу Жогорку Кеңештин депутаты Кемелбек Акылбеков Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровго парламентте берди.

“Мен олигарх эмесмин. Бизнес менен алектенбейм. Бизнести келинчегим жүргүзөт. Бир да жолу мамлекеттик тендерлерге катышкан эмес. Конфет алып-келип сатчу. Аткезчилик көбөйгөндөн кийин ал бизнесин да токтотту. Азыр алма өстүрөт. 10 жылдын ичинде 1 млрд. 200 млн. сомдон ашык салык төлөдү” – деди  Акылбек Жапаров.

Буга чейин Бишкек шаарындагы “Дамас” мейманканасы Акылбек Жапаровго таандык деген маалыматтар айтылган.

Аргумент.kg