Акылбек Жапаров каржы рыногун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген негизги 3 факторду атады

Акылбек Жапаров каржы рыногун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген негизги 3 факторду атады

25-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек эл аралык каржы форумунун — BIFF 2023 (Bishkek International Finance Forum) ачылышында каржы рыногун толук кандуу өнүктүрүүгө багытталган саясатты жүргүзүүгө мумкүндүк берген негизги 3 факторду атады.

Анын айтымында, биринчи фактор — бул Кыргызстандын өзүнүн улуттук валютасыболгон сом, экинчиси — өз алдынча акча-кредиттик жана салыктык-бюджет саясатынн болушу, үчүнчү фактор — Улуттук ЭЛКАРТ төлөм системасынын болушу, ал ички төлөмдөрдү жана транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Булак:Аргумент кж