Акылбек Жапаров эки-үч айда кетиши мүмкүн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Билгендердин айтымына караганда Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун психологиялык ахвалы абдан эле оорлошуп бараткандай. Негизи коомчулук Акылбек мырзанын тээ Акаевдин заманынан бери эле өкмөт башчылыкты эңсеп келгенин билет. Эми ошол эңсегени аткарылып, учурда өкмөттүн эки тиздин бир чылбырын колго алды. Айрым эскперттер Акылбек Жапаров аңды дөңдү карабай, аткарылбай турган убадаларды да арбын берип салды дешет. Ал бюджетти эбегейсиз чоң суммага көбөйтөм деп негизги убадасын берген. Ошондо карапайым элдин өзгөчө орто жана чаккан бизнестин жонунан кайыш тилип  салыктын өлчөмүн гана көбөйтүүнү тандап алды. Ал базарларга киргизүүгө аракеттенген ККМ дагы оңчулуктун натыйжа бербей карапайым соодагерлердин жинине гана тийе алды. Жаңы өндүрүштү киргизүү такыр эле болбой жатат ошондуктан күчтүн баарын салыкты көбөйтүгө гана жумшоодо. Жакында кээ бир ММКлар Жапаров күйүтүнө чыдабай бир топ күн ичип кетип соолукканда барып президентге кетүү жөнүндө арызын тапшырган имиш. Президент арызын четке кагып «Берген убадаларыңды аткар»-деп катуу талап кылып жаткан имиш. Азык-түлүктүн баасы акырындык менен  кымбаттап жатышы өкмөт башчысынын эң чоң минустарынын бири деп айтышууда. Айрым эксперттер 2-3 айдын ичинде Акылбек Жапаровду бийлигинен кетирип жибериши толук мүмкүн экендигин да кыйытышууда.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg