Акылбек Жапаров: Быйыл таза суунун баасын көтөрөбүз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ичүүчү суунун тарифин өзгөртүү зарыл. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.

Ал жыйында таза суу маселесине токтолду.

«Ачык жерлердеги водозаборлордогу суу тоңуп жатты. Мен 3 күндөн бери мындай суу топтоочу жайларды жеринен көрүп келдим. Биз кийинки жылы бул проблеманы чечүүнүн үстүнөн иштейбиз. Ичүүчү суулардын түтүктөрүн жер астынан өткөрөбүз, насос коёбуз. Быйыл ичүүчү суунун тарифи өзгөртүүгө муктаж. Майлы-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар. Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат, анткени, тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат. Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл. Суунун бир куб метрине (1000 литр) Бишкектин бир тургуну 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйын. 1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет. Желим бөтөлкөлөрдөгү жарым литр сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок», — деди ал.

Аргумент.kg