Саясат

Акылбек Жапаров: «Аткаминерлерге көмүр маселесин чечүүгө эки жума убакыт берем»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери — элди отун жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маалымат берген.

«Учурда аткаминерлердин шалаакылыгынан республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштуруңуздар, бардык аймактар көмүр менен 100 пайыз камсыздалсын. Көмүрдү өз убагында белендөө электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк. Биз ар кандай сценарийге даяр болушубуз керек», — деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *