«Акыйкатсыз сөздөрүңүздү шылдың катары кабыл алдым». Шер-Нияз Түлөбаевге катуу жооп берди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 1-мартта парламент жыйынында Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралып, колдоо тапкан.

Жыйында Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип, айрым маселелерди чечүү жолдору тууралуу эл өкүлдөрүнүн сунуштарын уккан.

Анда депутат Балбак Түлөбаев Иманалиевге кайрылып, «убагында жасаган кайрылууңуз боюнча Ысык-Көлдүн аксакалдарына азыр эмне деп айтасыз, кайрылып койбойсузбу» деп, жана президент Жапаровду сындап келгендер элчи, министр болуп дайындалып жаткандыктарын айтып, Иманалиев экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алган.

Ал эми мурдагы депутат, учурда Кыргызстандын Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Садык Шер-Нияз ЖКда орун алган талкуулар тууралуу өз пикирин айтып, «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазды.

«Ал жерде ызы чуунун артынан менин атым козголуп да кетсе керек. «Европадагы эки элчи» ойлонуп көрсөм анын экинчиси мен эле окшойм. «Биринчисинин» кылган ишин Балбак мырза экөөбүздү төрткө көбөйтүп алып, чогулуп сындасак да тишибиз өтпөйт болуш керек.

Балбак мырза, баштапкы Президент жөнүндөгү сөзүңөргө толук кошулам. Эл башчысы болом деген азамат ошентип сиз айткандай кечиримдүү айкөл болгону элди жакшылыкка келечекке үндөйт. Үлгү болот. Сөзүңүздүн экинчи жарымында “минтип айткан, тигинтип айткан” деген жериңизде бирин экин фактыңыз болсо жарыялап койсоңуз мен да ошолорду эстеп алайын. Менин эсимде чыны жок экен. Канчалык кызуу кандыкка алдырган күнү да бирөөнүн өздүгүнө асылып андай сөздөрдү айтууга менин табиятым жол бербейт. Иш боюнча болсо болгондур. Акыры эл өзүнүн тандоосун референдум, шайлоо аркылуу жасагандан кийин тынч, ызаланбай кабыл алыш керек деп дайыма айтып жүрөм, жана ошол нерсени карманам.

Атайын айтылган ал акыйкатсыз сөздөрүңүздү мен жалаа жана шылдың катары кабыл алдым. Жана да “эми Европада олтурат” деп айтканыңыз элдин арасында ар кандай түкшүмөл ойду жаратып жанагы мага телефон чалып жаткандар кайтадан эски суроолорун бере башташты.

Сизге окшогон түкшүмөл болгондорго бир нерсени тактап жазып койойун деп жатам.

Бул кызматты мен суранып, жагынып алган эмесмин. Тескерисинче мага сунуш кылышкан. Ал сунушты кылышпаса деле таарынычым жок болчу. Президент, өкмөт баары шайланып, шайма-шай иштеп жатканына бир жылдай болуп калганда атайын чакырып айтышты. Ага чейин эч ким менен кызмат жөнүндө сөз, кеп болгон да эмес. Сизде башка факты болсо “жок айтканыңыз калп” деп жазып эл алдында мени уяткарып койсоңуз болот. Ал сунуш үчүн ыраазымын, ыраазы болбосом Кудайга жакпаган иш болот. Ошол эле учурда эч кандай мамлекеттик кызматы жок эле жашай аларымды санаалаштарым жакшы билишет. Андай “кызмат ылаңынан” Кудай мени сактап калганына миң мертебе шүгүр», — деп жазган ал.

Аргумент.kg