
Акыйкатчынын орун басары ЕККУнун өкүлү менен жолугушту
06-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАкыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигинин маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушууда жарандардын сөз эркиндиги жана өз пикирин эркин билдирүү укуктары талкууланган.
«Тараптар жарандардын сөз эркиндигин коргоо боюнча жалпы таанылган нормаларды сактоонун маанилүү экендиги жөнүндө пикир алышты», — деп айтылат маалыматта.
Булак: Аргумент кж