Акыйкатчы Ногойбаевдин өспүрүм кыздар тууралуу билдирүүсүн сынга алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 31-мартта басма сөз жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштарды жасоо фактыларынын көбөйгөнүнө жашы жете элек кыздарды айыптап, алар эркектер менен өздөрү жыныстык байланышка барышарын айткан.

Акыйкатчы аппараты Ногойбаевдин билдирүүсүнө реакция жасады.

“Балага карата зомбулук эң кооптуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, бул баланын физиологиялык, психологиялык, социалдык жана сексуалдык өнүгүүсүнө коркунуч жаратат, анын кийинки жашоосуна зыяндуу кесепеттерди алып келет. Бүткүл дүйнөдө балдарга карата сексуалдык зомбулук балага катаал мамиле кылуунун түрү катары саналат. Коом балага каршы жасалган кылмыш — бүткүл Кыргызстан үчүн уяттуу көрүнүш экенин түшүнүүгө тийиш”, — деди Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы укук коргоо органдарынын кызмат адамдарын бала тууралуу бир нерсе айтуудан мурда ар бир айтылган сөзгө жана аракеттерге жоопкерчилик алууга жана түшүнүүгө чакырды.

“Балдардын психологиялык саламаттыгына кам көрүүгө, аларга ашыкча көңүл бурдурууга жол бербөөгө, алардын жан дүйнөсүн жабыктырбоого чакырам”, — деп баса белгиледи ал.

Акыйкатчы Балдар жөнүндө кодекстин 94-беренесин сактоонун зарылдыгын өзгөчө белгилейт. Аталган беренеде жашы жете электер тарабынан жасалган, кылмыш жоопкерчилигине тартуу курагына жете элек укук бузууларга байланыштуу бардык маалыматты, анын ичинде жеке маалыматты, тактап айтканда түз жана кыйыр түрдө да анын ким экенин аныктоого мүмкүндүк бере турган кандай гана маалыматты болбосун жарыялоого тыюу салынат.

Аргумент.kg