Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кызматынан кеткиси келбей…

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кызматынан кеткиси келбей…

07-бештин айы, 2022-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева
Бизде бир өнөкөт бар. Тигил же бул жетекчинин ишине нааразылар көп болуп, ишеничти, үмүттү актай албай баратышса эле кызматынан кетпештин айласын кылышып, ар кандай маалыматтарды таратышып, билдирүүлөрдү жасай башташат. Андай кезек Акыйкатчы Атыр Абдрахматовага келген окшойт…
Ачык айталы, анын бул кызматка талапкерлиги каралып жатканда, ЖК депутаттарынын да, элдин, коомчулуктун да ишеничи чоң эле. Мыкты Омбудсмен болот, институттун аброюн көтөрөт, кадырын арттырат деп ойлогон көпчүлүк. Бирок тилекке каршы, андай болгон жок. Омбудсмен болгондон бери популизм, өзүн пиарлоо менен алек. Мүнөзүнүн оордугунан, аппараттын ишин түшүнбөгөндөн улам көптөгөн
кызматкерлер аны менен иштеше албай, кызматтарынан кетсе, иштеп аткандары оор атмосфералык жагдайда иштөөгө аргасыз болуп жатканын айтып, ыйлакташып эле келүүдө. Айтымда, Атыр айым жалпы Акыйкатчы институттун эмес, өзүн гана пиарлап, өзү гана ишти кылып аткандай көрсөтүүнү жакшы көрөт экен. Ага акыл, кеңеш айткандарды, каршы сүйлөгөндөрдү дароо кызматынан кетирүүнүн айла амалдарын көрүп, ошол нерсе менен алектенип, өзүнүн түздөн түз милдетин унутуп калып атканын ошол эле Акыйкатчы институтунда иштегендер айтып келатышат.
«Коркунуч туула баштаса, өзүн биринчи чабуулга өт» деген принципти карманабы, ким билсин, Атыр айым билдирүү жасап, анда аны кызматтан кетирүүгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызыкдар болуп атканын айтып, ошонун айдагы менен аппараттагылар ага каршы кол топтоо жүрүп жатканын билдириптир. Албетте, буга ким ишенет? УКМК төрагасынын Атыр айымдан башка иши жок бекен? Минтип жалган маалымат таратып, өзүнүн милдетин аткара албай, кызматкерлери менен тил табышалбай жатканы үчүн башка мамлекеттик органдын жетекчисин айыптоо менен эмнени көздөп жатат? Эмнеге өзүнүн иштей албай жатканын, кемчиликтери көп экенин, үмүттү актабай албаганын, эмгек жамаатта иштиктүү атмосфераны түзө албай койгонун, өзүн пиарлоо, популизм менен алектенип кеткенин моюндабайт? Ушинтип УКМК төрагасынын аты-жөнүн атасам эле үстүнө айланган кара булуттан кутулуп, кызматын сактап калам деп
Булак: Саясат.кж