Актёр Азиз Мурадиллаевге ким донор болору белгилүү болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев жалпы элге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, учурда актёр өзүнө келип, сүйлөп калган. Андан сырткары, ал жалпы элге жана президентке ыраазычылыгын билдирген.

“Жубайы Эльвира эртеңкиге билет алгысы келген, бирок биринчи кезекте чечилиши керек болгон жагдайлар бар. Алар тууралуу дагы айтып өтөйүн. Азиза-Орозгүл эже донор болууну каалаган тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү. Түркияда этикалык комиссиядан өтүш керек. Ал 30-декабрда гана өтөт. Ал комиссиядан өтпөй туруп трансплантация кылуу мүмкүн эмес. Клиника дагы кабыл албайт. Бүгүн саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүп, Түркиянын саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясын тездетүү мүмкүнбү же жокпу тактайм. Анткени убакыт аз, шашылуу керек. Бирок түрк мыйзамдары ушундай жана ага каршы чыга албайбыз. Баары расмий тараптын иш-аракеттеринен көз каранды болот», — дейт Ассоль Молдокматова.

https://www.instagram.com/tv/CmIXBkPBgCR/?igshid=MDJmNzVkMjY%3D

Аргумент.kg