Актёр Азиз Мурадиллаев элге жана президентке ыраазычылыгын билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев жалпы элге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кечээ Азиз Мурадиллаевди жандандыруу бөлүмүнөн көрүп чыктым. Анын жубайы Эльвира жана апасы Анара эже жанында болууда. Азиз өзүнө келип, сүйлөп калды. Элге, президент Садыр Жапаровго жана баарына ыраазычылык билдирди. Жубайы Эльвира эртеңкиге билет алгысы келген, бирок биринчи кезекте чечилиши керек болгон жагдайлар бар. Алар тууралуу дагы айтып өтөйүн.

Азиздин Орозгүл эжеси донор болууну каалаган тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү. Ал Түркияда этикалык комиссиядан өтүш керек. Ал 30-декабрда гана өтөт. Аталган комиссиядан өтпөй туруп трансплантация кылуу мүмкүн эмес. Клиника дагы кабыл албайт. Бүгүн саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүп, Түркиянын саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясын тездетүү мүмкүнбү же жокпу тактайм. Анткени убакыт аз, шашылуу керек. Бирок түрк мыйзамдары ушундай жана ага каршы чыга албайбыз. Баары расмий тараптын иш аракеттеринен көз каранды болот», — деп жазып калтырган ал.

Оору менен алышып жаткан актёр Мурадиллаев жардам колун сунган бардык жарандарга ыраазычылык билдирип өттү.

«Көп адамдар мен үчүн дуба кылып, колдон келген жардамын берип жатышыптыр. Мен ага миң мертебе рахмат деп айтар элем. Ошондой эле президентке (ред.: Садыр Жапаров), бардык жардам берген адамдарга чоң рахмат айтам. Кудай буюрса, жакшылыкта жолугабыз деп ишенем. Баары жакшы болот», — деген Мурадиллаев.

Эске салсак, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат 3-декабрда тараган болчу. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле. Садыр Жапаров Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген.

 

Аргумент.kg