Активист Тилекмат Куренов президент Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жасады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жарандык активист Тилекмат Куренов президент Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жасады.

«Урматтуу Садыр Жапаров, тез арада саясий туткундарды бошотуп, оппозиция жана баардык саясий күчтөрдү, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте консолидацияга барууңузду сунуштайбыз. Укуктук башаламандыктын айынан эл талашсыз чечкиндүү кадамдарга барат. Бирок, биз оппозициянын аракетин башка күчтөр пайдаланып кетишин каалабайбыз.

Чын эле жүрөгүңүздө ынтымак, стабилдүүлүк, өнүгүү деген асыл ойлор болсо тезинен диалогго келип баардык экономикалык, коопсуздук, чек-ара маселелерин ачык талкулоого чакырабыз. Өлкөнүн келечеги деп көкүрөгүңүздү эзген кыялыңыз болсо, эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн өзүңүз айткан ынтымак столуна отурууга даярбыз», — деди Куренов өз кайрылуусунда.

 

Аргумент.kg