
АКШ Украинаны кайсы учурда колдоодон баш тартары айтылды
09-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКиевдин мындан ары дагы аскердик жана финансылык жактан колдоо алуусу украиналык армиянын контрчабуулунун жыйынтыктарынан көз каранды болот. Бул тууралуу Politica басылмасы жазды.
«АКШнын жогорку кызматтагы расмий өкүлдөрүнүн Украинадагы жаңжалды мындан ары дагы колдоосу жана президент Жо Байдендин глобалдык аброю украиналык контрчабуулдун ийгилигинен көз каранды», — деп басылманын баяндамачылары Жонатан Лемайр менен Александр Уорд жазган.
Алардын айтымында, эгер Украина жаза басса же үмүттү актабаса колдоо токтоп, чырды дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөө башталат.
Булак; Аргумент кж