АКШ да соода борборлордун биринде,куралдуу кол салуудан 8 киши каза тапты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

АКШнын Аллен шаарындагы 6-майда куралдуу кол салуудан сегиз киши каза болу.Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.

Маалыматка караганда ,Соода борборуна кол салган кишини милиция кызматкери  атып салган.Ал эми кылмышкердин ,АР-15 мылтыгы жана үстүндө ок өтпөс күрмө болгон.

Окуя болгон жерде , беш жаштагы наристелерден тарта,61 жашка чейинки улгайган адамдар да жабыркашкан.Алардын баары ооруканага жаткарылып , медициналык кызмат көрсөтүлгөн. Үчөөнүн абалы оор.Алты адам окуя болгон жерден, дагы экөө ооруканага бара жатканда каза тапкан.

Ошондой эле, тергөөчүлөр кол салган адамдын социалдык тармактагы ишмердүүлүгүн, анын ичинде оңчул экстремизм менен байланышы бар экенин аныкташты.

 

Аргумент.kg