Саясат

Акматов: “Жыйында бийлик асманда учуп жүргөндөй эле элес калтырды”

23-октябрдагы Президент Садыр Жапаровдун журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйынында белгиленген маселелер, бийликтин жооптору тууралу пикирин саясий серепчи Айданбек Акматов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында маалымат жыйында бийлик башка реалдуулукта эле жашап жатканын жатканын көргөздү.
«Өздөрүнүн кыялында асманда учуп жүргөндөй элес калтырды. Ал эми реалдуулук кандай? Кымбатчылык, суук түшкөндөн бери көмүр издеген адамдар. Токтогул суу сактагычындагы абалды көрүп жатасыңар. Мамлекеттик көз караштын жоктугунан эч кандай келишим жок эле сууну агызып салган. Муну өздөрү дагы мойнуна алышты. Сууну агызгандан кийин ордуна электр энергиясын, газ алуу маселесин чечиш керек эле. Коомдук транспорттун тартыштыгы бардык аймактарда байкала баштады. Элдин жашоосу такыр башка, ал эми булардын айтканы такыр башка болду»-деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *