Акчасын алдаткан Азатбектин бригадасы

Бүгүнкү күнү 16-34 жашка чейинки бизден Россияга кеткен эркек мигранттардын  80% курулушта эмгектенишет. Негизи Россияда курулушта иштегендер  80-10 миң рубль алышат. Ал эми мигранттар болсо 30-50 миңге чейин рубль алышат. Маселен жалаң кыргыздардан турган топтор курулуш бригадалары да бар. Бирок кийинки жылдары жумуш берүүчүлөр аларды алдап кеткен учурлар көп катталууда.Бирин-экин мисал келтирели маселен: Азатбек(аты өзгөртүлдү) көп жыл Красноярск шаарында жашады.4 жылдан кийин Россиянын жарандыгын да алды, бирок жарандыкты алганы менен укугун толук пайдалана албады. 2 жыл мурун Азатбек кыргыз жаштарынан турган курулуш бригадасын түздү.Красноярск шаарында 14 кабат  үйдүн курулушуна катышты. Аларды Касерян деген армян жетекчи жумушка чакырган.Бирок жумуш бүтүп айлык төлөөргө келгенде. Касерян ар түрдүү шылтоо менен акчаны бергенди кечендете баштады. 15 куруучу жигит баш аягы менен 2 миллион рубль алмак.Азатбек улам барып сурап, айласы такыр кетти. Ал Россиянын жараны болуп, эч жерге даттана да албады.Натыйжада акыры тажап, акча сурагандан да баш тартты.Бригадасындагы жигиттерди эптеп жүк түшүрчү кызмат таап, кичине акча менен Кыргызстанга жөнөттү.Мындай курулуштун бригадасы сыяктуу топтор көп алданышат. Ал бригадалардын жетекчилери кыргыз улутунда, бирок Россиянын жарандыгын алгандар укугун толук колдоно албай, ар кайсыл фирмаларга бекер иштеп бергендер көп.

Эмне кылуу керек? Маселеге мамлекеттик органдар дагы киришип, куручуулар өздөрү дагы укутарын пайдаланышы керек.

Болбосо алыста ак эмгегиңди жедирип кала бересиң.