Акчаны столго ыргытып берген күйөөмдүн түндө айткан сөзү боорумду эзди

Акчаны столго ыргытып берген күйөөмдүн түндө айткан сөзү боорумду эзди

04-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

“Жаман да болсо балдарыңдын атасы”, “ат айланып казыгын табат”, “бир аз күтүп турсаң кайтып келет”, “кечирбегенде кайда бармак элең”, “ал жок кантип жашайсың” ж.б. Бла-бла-бла. Куру кептер.

Эгер кино тартсак, сценарийи мындай болмок. Ал жыргап жүрө берет. Мен үйдө аны күтүп отурам: бир жыл, эки жыл, балким, он жыл. Эч кимге кереги жок болуп калганда үйгө келет. Мен чуркап чыгып тосуп алам. Анан бактылуу жашап калабыз. Күлө берип боорум эзилип калды.

Турмушка чыгып, удаасынан үчтү төрөдүм. Балдарым кичине болгонуна карабай, баарына жетишип жаттым. Күйөөмдүн жакасы аппак. Түрлөп тамак жасайм. Үй таптаза. Кайын-журтум менен сый мамиледемин. Ар дайым маанайым ачык. Өзүмө кам көрүүнү унутпайм. Мыкты, апа, мыкты жубай болгонго аракет кылып жаттым. күйөөмө бул нерсе жетишсиз болуптур.

Убакыт өтүп өзгөрө баштады. Жардам сурасам, “мен акча табам, калганы менен башым да оорубайт”,-деп басып кетет. Чуркап чыгып тосуп алсам учурашканга жарабайт. Жасаган тамактарымды мактабайт. Балдарыбыздын мектептеги ийгиликтерин айтсам, “мм” деп эле коет. Күйөөдөй болуп кам көрбөйт. Ачылып сүйлөшөйүн десем айткандарымды укпайт. Телефон чукулап эле отурат. Жадакалса, балдары менен иши жок.

 

Айлыгын алып келип столго ыргытып басып кетет.

Көп өтпөй бирөөсү бар экенин билдим. Кантип билгенимди айтпай эле коеюн. Кийимдерин чогултуп алып кетип калды.

  • Өз апам: “кайтып келет, күт.»
  • Кайын энем, “сенден таппаганды ал аялдан тапса керек да.»
  • Курбаларым “эркектин баары эле ошондой, бир аз чыдап кой.»

Кызыгы, эч ким анын туура эмес кылганын айткан жок. Эгер мен бирөө менен жүрүп кетсем, күйөөм мени кайтып келет күтүп отурат беле?

Булак: Аргумент кж