
«Акчаңды көбөйтүп беребиз». Алдамчылыкка шектелип 63 жана 66 жаштагы эки аял кармалды
20-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте 63 жана 66 жаштагы эки аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-сентябрда милицияга М.О. аттуу аял кайрылган. Алар арызында билдиргендей, 2022-жылы 20-январда бир уюмдун кызматкерлери акчасын дивиденд түрүндө көбөйтүп беребиз 30 миң доллар алып, алдап кетишкен.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 63 жаштагы С.А. жана 66 жаштагы Ч.З. аттуу аялдар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милициядан билдиришкендей, учурда алардын ушул сыяктуу 5 алдамчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.
Иликтөө иштери уланууда.
Булак; Аргумент кж