Акаев жубайы Майрам менен КРга эмнеге келгени белгилүү болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы президент Аскар Акаев менен жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келгендиги маалым болду.  Жубайлар кечээ түнү кыргыз-казак чек арасынан өтүп келишкен. Алар Улуттук илимдер академиясында жана Политехникалык университетке лекция окуганы келгени айтылды. Лекциялар  кайсы күнү болору белгисиз. Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ал биринчи жолу 2021-жылы Кумтөр иши боюнча сурак берүүгө келген. Андан соң элге кайрылып, «Кумтөр» долбоору боюнча чечимди өкмөткө ишенип кабыл алып бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган. Башкы прокуратура  Акаевге карата кылмыш иш токтотулганын билдирген. Булак: Аргумент кж

Аргумент.kg