Акаев: Сын жазгандарды түрмө менен коркутуу – чоң ката

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, ал Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Эмил Токтошев жана акыйкатчы Атыр Абдрахматовалар менен бирге абакта жаткан активист, саясатчылар жана ар кандай негизде камакта отурган 30дан ашуун аялдар менен жолугушуп, абалы менен таанышып чыккан.

«Асия Сасыкбаева, Орозайым Нарматова, Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Перизат Сурановалар отурган камераларды көрдүк, алар менен чогуу отурган аялдар менен да баарлаштык. Баары эч кандай башаламандыкка үндөө болбогонун, тынч митингдер тууралуу гана сөз болгонун, мыйзамдын алкагында гана иш алып барышканын, негизсиз камалышканын айтышты. Орозайым Нарматова саламаттыгы жакшы экенин, бир гана атасынын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жатканын айтты», — дейт ал.

Депутат билдиргендей, андан тышкары алар Атай Бейшенбек, Али Шабдан, Айданбек Акмат уулу, Эрлан Бекчороев, Таалай Мадеминов, Акыл Айтбаев, Улукбек Маматаев, Мамбетжунус Абыловдордон кабар алышкан.

«Тиешелүү мекемелерге убактылуу кармалып турган бардык атуулдарга адилет мамиле кылууну сурандык. Баары Жаза аткаруу кызматы тарабынан орой мамиле жоктугун, эч кандай басым-кысым, коркутуу болбогонун белгилешти. Алардан сырткары, бир нече аялдардын муңун уктук, көбү сот иштери улам созулганына нааразы. Түрмөдө ымыркайы менен отурганы, арасында 6 миң сом уурдагансың деп камалганы, айтор оор тагдырлар», — деп жазды ал.

Ошондой эле, ал сын пост жазгандардын баарын түрмө менен коркутуу чоң ката экенин белгилеген.

«Бийлиги камоо менен коркутуп, башкасы митинг менен эш көрсөтүп дагы канча жыл убакытты текке кетиребиз, билбейм. Туура, стабилдүүлүк керек, ызы-чууга мен да караманча каршымын. Бирок чогулуп чай ичкендерди, “Фейсбукка” сын пост жазгандардын баарын түрмө менен коркутуу – чоң ката. Өз жарандарына өчөшкөн кантип болсун?! Эл башкаргандар кенен, айкөл, чыдамкай жана бириктирүүчү сапатка ээ адамдар болушу шарт. Диалог керек, азыр да кеч эмес. Эркиндикти муунтуп туруп, анан экономиканы көтөрөбүз деген жаңылыш ой. 70тен ашкан аялдар менен чыканактай кыздар эркиндикте жүрсө, коомго коркунуч алып келбейт», — деди ал.

Аргумент.kg