Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 8-декабрда Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун маселесин карап жатат. Алардын камакка алынганы боюнча комиссия түзүлүп, Башкы прокурордун сунушун добушка коюшат.

Жыйында, депутат Жанар Акаев эки коллегасынан тышкары Бакыт Жетигенов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Алмазбек Атамбаевдин дагы үй камагына чыгаруусун УКМКнын өкүлдөрүнөн суранды.

“Алмазбек Атамбаев качып кетпейт, аны деле үй камагына чыгаруу керек”-дейт ал.