Айзат Орозбекова: Өзүмдөн улуулар жакпай, жаш жигиттерге шилекейим агат…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Аялзаты дайыма 18 жашта болот” деп бир эже күлүп айтып калчу эле, анынсыңарындай, жашым өткөн сайын жашарып, жаш жигиттерге шилекейим агып, сугум өтчү болду. Өзүмдөн бир топ кичүү жигиттер “жаш көрүнөсүз” деп көп айтышат.

Чынында жашым кырктын кырынан ашып калды. Бирок, такыр карыгым келбейт. Ар дайым өзүмдү жакшы карап, жакшы алып жүрүүгө ашыгам.

Мурун бир турмуш көргөм. Учурда бир кыз, бир уулум бар.

Өзүм теңдүү курбуларымдын жанында студент кыздай көрүнөм. Алар да көрө албастык кылышып, “Мынча жаштык менен сулуулукту кайдан аласың?” деп какшыктай беришет. Анан аларга “Жаштык менен сулуулукту жаш жигиттерден алам” деп “тарс” эле жооп кайтарып, каткырып коём. Айтайын дегеним, жаш жигиттерге ашык болгонум жакшы элеби?

Айзат Орозбекова, Каракол шаары.

Аргумент.kg