Коом

Айыпталуучу: “Мен кыздын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм”

Ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сот процесси өтүп жатат.

Отурумду судья Салтанат Эсенкулова алып барууда.

Иш боюнча беш айыпталуучу бар – Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажыкабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов. Пандемияга байланыштуу алар сотко алып келинбей отурум онлайн режиминде өтүп жатат.

Сот акыркы сөздү айыпталуучу Молдосариевге бергенде “Мен кыздын үй -бүлөсүнөн кечирим сурайм” деди ал.

Судья балким, сен дагы эле бир нерсе айткың келет? – дегенде “Мындан башка айта турган сөзүм жок”, – деп жооп берди Молдосариев.

Андан соң, судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Эске салсак, Айзада 5 -апрелде эртең менен уурдалган, 7 -апрелде анын жансыз денеси Бишкектин жанындагы унаадан табылган. Ошол эле унаадан ала качкандардын бири – Замирбек Тенизбаев болгон, ал Айзаданы зордуктап өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйган.

Бул кылмыш коомдук резонанс жаратып, жыйынтыгында ички иштер органдарынын 44 кызматкери жазаланган.

Буга чейин Тенизбаевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 170 -беренеси (“Ала качуу”), 130 -беренеси (“Киши өлтүрүү”) жана 161 -беренеси (“Зордуктоо”) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул фактылар сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, бирок Тенизбаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө токтотулган.

Бирок, кызды уурдоо фактысы боюнча беш шектүү бар. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинен (“Никеге туруу үчүн адамды уурдоо”) 170-беренесине (“Адам уурдоо”) жана башка квалификациядан өтүп, 30 -апрелде сотко жөнөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *