Саясатчы Бактыбек Калмаматов сегиз сааттан бери Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) сурак берип жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Айым Камчыбекова билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат Калмаматовдун жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн деп текшерип жатат.

«Бактыбек Калмаматов учуу алдында сот департаментинен, чек ара кызматынан “өлкөдөн чыгууга чектөө жокпу?” деп текшергенбиз. “Эч кандай тоскоолдук жок” деген. Аэропорттон каттоодон өтүп, чек ара кызматына жеткенде чек арачылар рейстен алып калышты. “Эмне себептен кармап жатасыңар?” десек, “атайын кызматтын “Калмаматовду кармап, өткөрүп бергиле” деген оперативдик буйругу бар” дешти. Бир сааттан кийин УКМКнын кызматкерлери келип, чакыруу кагазын беришти. “Эмне маселе?” десек, “паспортуңар жасалма” дейт. Бул паспорт менен Украинага, Түркияга, Өзбекстанга барып келген”.

Калмаматовдун адвокаты сурак сегиз сааттан ашык убакыттан бери жүрүп жатканын, бул мыйзам бузуу экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган.