Айылчы Сарыбаев: «Эл кымбатчылыктан дагы көпкө кыйналат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Азык-түлүк, күйүүчү майдын кымбаттоосу токточудай түрү жок. Кымбатчылыкты ооздуктап, экономикалык жылыштарды жасаса болбу? — Мамлекеттик тескөө, жөндөө жок. Мамлекеттик жөндөө аппараты иштебе Иштеткенди билишпейт же атайын иштетишпейт. Эл дагы көпкө кыйналат. Мамлекеттин башкаруу деңгээли начар. Экономикалык рычагдар пайдаланылбайт. Атайын жөндөөчү мыйзамдар кабыл алынган эмес. Биздин мамлекетте башаламандык кандай болсо, бааларды тескөө, экономиканы жөн салуу да башаламан. Андыктан бул көрүнүш улана берет. Ким кандай кааласа ошондой бааларды коё берет. Аны «кой, ай» деген киши жок. Антейин десе бензин, нефть ж.б. баарын тескей турган адамдар мамлекеттин башында отурушат. Алардан түшкөн чоң пайдалар ошолордун чөнтөгүнө кетет. Мамлекетке кетпейт Баалар канчалык көп өссө, алар байыйт. Ошон үчүн дүкөндөгү азык-түлүктөр, тарифтер көтөрүлүп жатат. «Электр энергиясын көтөрөбүз» деп жатышат. Күйүүчү майлар кымбаттайт. Ар ким өз каалаган бааларды коюп байый берет. — Мамлекет тарабынан, жаңы бийликтен экономика боюнча кеңешчи болушуңузду суранган сунуштар болдубу? — Болсо да ал жаштан өтүп кетти. Ансыз да өз кеңешимди ар убак гезиттерден, телерадиолордон, социалдык тармактардан жарыялап турам. Эгерде алардын кичине түшүнүгү болсо, ошол жактан деле алса болот. Булар андай түшүнүк жок. Ар ким өзүнүн досун, өзү каалаган адамын кызматка коюп жатат: Алар маселе чечип жатабы, бир Кудай өзү билет.  Азия Ньюс

Аргумент.kg