Айыл чарба министрлиги кыргызстандыктарга шафран өстүрүүнү сунуштады

Айыл чарба министрлиги кыргызстандыктарга шафран өстүрүүнү сунуштады

31-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Айыл чарба министрлиги кыргызстандыктарга дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири — шафран өстүрүүнү сунуштады. Аталган мекемеден билдиришкендей, шафранды өстүрүү бардык дыйкандарга сунушталат.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 26-сентябрынан бери Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги коллекциялык питомнигинде эксперименталдык талаачада шафран өстүрүлүп жатат.

Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа даярдалууда. Эгер бул программа кабыл алынса, дыйкандарга шафранды кантип туура өстүрүү боюнча окутуулар жүргүзүлөт.

Шафрандын жалбырактары азыктык жана дарылык касиетке ээ. Ал жапайы жаратылышта сейрек кездешет. Иран, Испания, Индия жана башка кээ бир өлкөлөрдө өстүрүлөт.

Булак : Аргумент кж