Коом

Айлыкты кайненеге бериш керекпи? Меникин дайыма санап алат

Турмушка чыккамына тогуз ай болуп калды. Жигитим менен бир жыл сүйлөшүп жүрүп турмушка чыккам. Күйөөм үйдүн жалгыз уулу. Кайната, кайнене, күйөө  жана мен деп жашайбыз. Кудайга шүгүр баары жакшы. Кайнене кайнатанын мага кылган мамилеси да жакшы. Бир жери айлык алганда кайненем айлыгымды санап алат, кээде кемип калса калганы кана деп сурайт. Түштөнүүгө үйдөн тамак жасап салып кетем, болгону барып келгениме гана чактап акча беришет. Чогуу иштегендер менен чогуу тамактана да албай калдым. Майрамдарда алар ортого акча чыгарып белгилешет а мен болсо акырын үйгө жөнөйм. Барынан да иштешкендеринден чыгып калган жаман экен. Айлыгымды бербей койсом эмне болот? Ким айлыгын кайын журтуна санап берип жашады эле? Чын эле ошентип керекпи. Мен туура эле кылып жатамбы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *