Айкөл Аликжанованын жолдошу “Дикий Арманга” Казакстандагы январь окуяларында кимдер жардам бергени ачыкталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандык модель Айкөл Аликжанованын жолдошу «Дикий Арман» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Казакстандагы январь окуяларында башаламандыкты уюштургандардын сап башында турганы кабарланды.
Мындай маалыматты, Казакстандын Башкы прокурору Берик Асылов журналисттерге берген маегинде билдирди.

«Январь окуясында «Дикий Арман» деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевдин ролу чоң. Мисалы, тергөөнүн версиясы боюнча Алматыда Жумагелдиевге (Дикий Арман) өзгөчө роль берилген. Ага Казахстандын УКМКнын кызматкерлери да жардам бергенин аныктадык», — деди башкы прокурор.

Анын айтымында, ага буга Алматы шаарынын маслихатынын экс-депутаты, ошондой эле кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Махатов активдүү жардам берип, Алматыдагы «Казакстан» мейманканасына уюшкан түрдө келген бандиттерди куралдандырышкан.

«Бирок алар массалык нааразылык акциясын жетектей алышкан жок. Эл аларды ээрчиген жок. Казахстандын УКМКнын мурдагы төрагасынын кармалганы тууралуу маалымдалгандан кийин, алар ишенимдүү алиби түзүү максатында согушкерлерге шаардыктарга кол салуу тапшырмасы берилген», — деди Берик Асылов.

Бул максатта Башкы прокурор билдиргендей, алар 6-январда «Ритц Карлтон» жана «Казакстан» мейманканаларынын унаа токтотуучу жайларында ар кайсы жерден туш келди 24 жаранды уурдап, сабап, кармап кетишкен.

Эске салсак, Жумагелдиевдин кармалганы өткөн жылдын 7-январында белгилүү болгон. Ал беш кишиден турган кылмыштуу тобу менен бирге Алматыда атайын операциянын жүрүшүндө кармалган.
Кармоо учурунда шектүүлөрдөн түрдүү маркадагы жана калибрдеги 4 автоматтык тапанча, ок-дарылар, курал жана брондолгон унаа алынган.

“Дикий Арман” деген каймана ат менен белгилүү Арман Жумагелдиевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү 24 жаранды уурдап, күч менен кармап кетишкени маалымдалган.

Адамдарды Ritz Carlton унаа токтотуучу жайына кармашкан”, -деп айтылат маалыматта.

 

Айкөл Аликжанова модель жана актриса катары таанымал. «Кыргызстан сулуусу» сынагынын 2014-жылдагы жеңүүчүсү. 2016-жылы хиджаб кийип, ошого удаа эле кыз-келиндер үчүн мусулман кийимдеринин дизайнери катары тааныла баштаган.

Ал биринчи жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин Казакстандык “Дикий Арман” каймана  аттуу кримтөбөлгө турмушка чыгып, бир кыздуу болушту.

Булак: Барометр

Аргумент.kg