Айкөл Аликжанова эмне үчүн «Дикий Арманды» тандаганын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Кыргызстан сулуусу» сынагынын 2014-жылдагы жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова эмне үчүн «Дикий Арманды» тандаганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал аны тандап алган 4 себебин атады.

«1. Ал абдан боорукер жана кең пейил (Ал пандемияга чейин жана андан кийин Казакстан боюнча миңдеген үй-бүлөлөргө жардам бергенин бир нече жолу айткам. Ал эми пандемия учурунда ал өз элин чындап сүйөрүн көрсөттү. Ооруканаларга, элге бекер жардам берип, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган. 75 тоннага жакын дары-дармек тараткан. Бул акчаны Түркиядагы үйүбүзгө чогулткан. Бирок анын дээрлик бардыгын адам өмүрүн сактап калууга жумшаган). Эгер адамда 100 болсо, ал көп учурда башкалардын пайдасына онун берет. Ал эми Арман 100дүн 90нун берет да, калганына ыраазы болот. Ошондуктан «Казак Робин Гуд» деп аталат.

2. Анын жан дүйнөсү да, денеси да абдан күчтүү. Армандын салмагы болжол менен 100 килограмм, бою 190 сантиметр, бир машыгууда 1200 отуруу көнүгүүлөрүн жасайт. Күнүнө 5 саат машыгууга даяр. Анын соккуларын машыктыруучу да көтөрө албайт.

3. Ал көп окуйт жана акылдуу. Китептерди, гезит-журналдарды окуйт. СИЗОдо отурган акыркы бир жылдын ичинде ар кандай темадагы 200дөй китеп окуган. Ал шахматты да сонун ойнойт. Аны менен ар кандай темада сүйлөшүп отура аласың.

4. Эң негизгиси, ал Кудайдан коркот. Куранды абдан оңой жана тез окуйт жана маанисин түшүнөт. Тажвидди да, арабчаны да билет. Намазды 11 жашынан бери окуйт. Анын көптөгөн араб достору, ошондой эле жогорку ислам билими бар орус тилдүү достору бар. Ал өзүнүн дини жөнүндө мага караганда көбүрөөк билет.

Жалпысынан алганда, албетте, ал адам жана анын кемчилиги, артыкчылыгы бар. Бирок напсисинин үстүндө иштеп жатат жана бул эң негизгиси деп ойлойм. Биз азыр соттун адилет болушун талап кылып жатабыз. Кылбаган нерсе үчүн соттолгон болбойт», — деди Аликжанова.

Айкөл Аликжанова модель жана актриса катары таанымал. «Кыргызстан сулуусу» сынагынын 2014-жылдагы жеңүүчүсү. 2016-жылы хиджаб кийип, ошого удаа эле кыз-келиндер үчүн мусулман кийимдеринин дизайнери катары тааныла баштаган. 2017-жылы турмушка чыккан. Учурда түгөйлөрдүн кызы бар.

«Дикий Арман» атыккан казак кримтөбөлү Арман Жумагелдиев туура бир жылмурун коңшу өлкөдөгү январь айында орун алган митингдердин жүрүшүндө кармалган

Аргумент.kg