Айка: Күйөөмдүн ойноштору көп. Аялы бар экенин айтпайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы Аргумент.кж сайты.Сураныч менин катымды чыгарып бериңизчи.Анда сөз башынан болсун. Өзүм болсо 32 жаштамын күйөөм экөөбүз сүйлөшүп жүрүп эле баш кошконбуз, үч балабыз бар.Экөөбүз канча урушсак дагы баары бир бардык нерсеге чыдадык.Анан азыр болсо күйөөмдүн мамилеси мага аябай өзгөрдү.Мага болгон мамилеси таптакыр башкача.Азыр болсо ал ар кайсыл кыздар менен жүрөт.Анан аларга айтат экен аялым жок деп.Жанымда да кыздар менен сүйлөшүп калды.Кийимдеримди балдарымды алып ата-энемдин үйүнө да кетип жүрдүм. Бирок батышпай кайра келдим. Анан бир күнү  ал утап калганда анын телефонун алып карадым. Смстерин окусам  бир кыз 3 айлык боюнда бар экенин жазыптыр. Аябай шок болдум,эмне кыларымды билбей. Анан арадан 3 күн өттү балдарымды алып апамдын үйүнө келгем, жон гана айылдап. Бир күн туруп телефон чалсам жолдошума номерин өзгөртүп салыптыр. Эмнеге кандай максатта билбейм. Жүрөгүм чыдабай кайра бардым. Сурасам сага чалсам албадын, ошого өзгөрттүм дейт, бирок мага чалган жок. Кайсы кылган күнөөм үчүн билбейм. Анан баарын ташдады.» Билгенинди кыл, эми сенин жашоон, балдарым чоңойсо өздөрү табат мени»- деп кетип калды. квартирада турабыз, төлөгөнгө акчам да жок паспортумду залогго коюп көчүп келдим, ата энемдин үйүнө. Арадан 2 ай өтүп 4 айлык боюмда бар экенин билдим. алдырып салам деп көп ойлодум, бирок колум барбады. Аябай кыйналдым балдарым менен. Өзүн да болсо мейли 3 балам менен, дагы төрөйүн деп турам. Ата энемдин үйүндө кыйын экен, озуна алы жетпегендердин сөзүн айтпай эле коеюн. Төрөдүм кыздуу болдум, кайненеме жаздым. Ал боюмда барында жазып турат болчу. Бир күнү вотсап номерине бир кыздын сурөтүн коюп, мени кара тизмеге киргизип салыптыр. Бардыгын кудайга койдум. Турмушка чыгаарда жакшы ойлонгула.

Айка

 

Аргумент.kg