Айгүл Айдарова сулуулук салондон чыкпайбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир кезде диплому жасалма деп табылып депутаттык мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна милиция органында тергөөчү болуп эмгектенген айым Айгүл Айдарова келген. Негизи бул депутаттык орун аны ээлеген адамга кайсыл жагынан болбосун  коомчулукка таанылууга мүмкүнчүлүк түзөт окшойт.  Бир топ убакыт мурда Айдарованын машинасын патрулдук милиция кызматкери токтотот. Айдарова ошондо документин бербей: «Мен ЖКнын депутатымын кое бер»-деп. Жөн эле талап кылбастан сөзүн сөгүнүү менен коштойт «Сени кызматыңдан айдатам»- деп коркутат. Андан кийин депутат айым ММКлардын берген маегинде бул окуя жакшылык менен аяктады, биз бири-бирибизди кечириштик деп айтты. Ал кызматерди кызматынан кетирген жок. Жөн гана сөгүш жарыяланып, кызматы ылдыйлады. Журналисттер аягына чейин тактабай чыгара берет экенсиңер деп дооматын койду. Айдарованы билген коомчулуктун өкүлдөрү ал сырткы келбетине өзгөчө көңүл бураарын баамдашат. Ал сулуулук салондоруна  үзгүлтүксүз барат. Оозун жана көзүн аябай боетот. Албетте кандай кылып жүрөт өзүнүн иши. Бирок Айгүл айым депутаттык милдетин кандай аткарып жатты болду экен?

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg