Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жеңилдеди

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жеңилдеди

17-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

«РИОМ-Авто» унаа базарынын аймагында жайгашкан КР ИИМ «Унаа»
мамлекеттик мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук күбөлүк
берүү жана алмаштыруу кызматы ишке кирди.
Жарандардын ыңгайлуулугу жана калкка көрсөтүлүп жаткан
мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында «Унаа»
мамлекеттик мекемесинин Регион аралык бөлүмүндө айдоочулук
күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу кызматы иштеп жатат.
Эскерте кетсек, аймактар ​​аралык башкармалык дем алыш күндөрү
иштейт.
Бөлүмдүн иши тууралуу кошумча маалыматты 0312 46-39-10 телефон
номуру аркылуу тактасаңыз болот.

Булак:argument.kg