Унаасы бир нече жолу аласалып кеткен. Ошто милициянын майору каза тапты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кызмат учурунда каза болгон майор Максатбек Рахманжан уулу 33 жашта болчу.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, милициянын майору Максатбек Рахманжан уулу жол кырсыгынан каза болду. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди. Майор кызматтык тапшырма менен Жалал-Абад облусуна барып, кайра келе жатканда кырсыктаган.

«3-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00.30дар чамасында Өзгөн районунун Шоро-Башат айыл аймагында чукул бурулуш жерден унаасы кайрыла албай бир нече ирет аласалып кеткен. Кызматкерибиз унаадан ыргып, башы ташка тийип мүрт кеткен. Учурда техникалык экспертиза дайындалып, уктап кеткени же руль башкара албай калганы текшерилип жатат. Ал унаада жалгыз бара жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Максатбек Рахманжан уулу 1985-жылы 18-июль күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында төрөлгөн. Майордун сөөгү эртең, 4-декабрда, кичи мекенинде жерге берилет.
Ал туура бир ай мурун (2-ноябрда) Ош ОИИБдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болуп дайындалган болчу.
Кесиптештери Максатбек Рахматжан уулу жаш болсо да мамлекет үчүн ак кызматын өтөп, бир топ жооптуу кызматтарды аркалаганын белгилешет. Ал мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга, кылмыштуулук менен күрөшүүдө зор салым кошкон.
— 2001-2006-жылдар аралыгында Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктаган;
— 2006-2009-жылдары Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектору, тергөө бөлүмүндө тергөөчү;
— 2009-2010-жылдары Кыргызстандын баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин тергөө башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча тергөөчүсү;
— 2010-2011-жылдары Ички иштер министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын тергөөчүсү;
— 2011-2012-жылдары Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн начальниги;
— 2012-2013-жылдар аралыгында Ош ОИИБде тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү;
— 2013-2016-жылдары Ош ОИИБдин 5-бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, улук ыкчам өкүлү;
— 2016-2017-жылдары Ош ОИИБдин мамлекеттик сатып алуулар боюнча топтун инспектору;
— 2017-2018-жылдары Араван РИИБдин тергөө кызматынын начальниги болгон.
Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg