Айдана: «Мен да бирөөнүн эрин имерип, сезимдерибиз тереңдеп баратты…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир кездери менде баары жакшы бопчу. Өмүрлүк жолдошумду эч кимге теңебей, аябай катуу жакшы көрөр элем. Акыркы үч жыл аралыгында күйөөм аябай өзгөрдү. Үйгө үч күндөп келбей койчу болду. Жумушун шылтоолойт. Ишенип жүрө бердим. Мага көңүлү жок, өзүмдү сооротуп жашай бердим. Күндөр айга, айлар мезгилге, мезгилдер жылга айланды. Акыры башка сүйүктүү айым таап алганын да билдим… Ошол убакта андан өч алуу максатында жаш кезимде мамиле куруп, бирок тоюбуз болбой калган мырзаны интернеттен издеп жатып таап алдым. Аны менен мамиле түзүп, сүйлөшүп, мен дагы күйөөм менен ишим болбой баратты. Сезимдерибиз тереңдеп бара жатты. Мага окшоп анын да жубайы телефон чалат. Орой-орой жооп берип, «иш теп жатам» деп каратып туруп калпты ышкыртат. Эркектердин баарынын окшоштугуна таң калам. «Күйөөм кечирим сурап жатат. Жашообуз оңолду» деп мен да калптарды айтып, андан алыстоону туура көрдүм. Көз алдымда дагы бир үй-бүлөнүн бузулушун каалабадым. «Үй-бүлөңө, жубайыңа жакшы мамиле жаса. Эртең эле карылык келет. Сага үй-бүлөңдөн башка эч ким күйбөйт. Алардын алдында дөөлөттүү кары бол» деп  түштөн кийин акылыма келип, насаатымды айтып, мамилебизди мен дагы токтоттум. Бирок күйөөм качан өзүмө кайтып келет?… Азия Ньюс гезити

Аргумент.kg