Айбек Карымовдун «Каганат» күүсүнүн бет ачары болду

Айбек Карымовдун «Каганат» күүсүнүн бет ачары болду

31-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айбек Карымов бүгүн, 31-октябрда Aлыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында «Каганат» күүсүнүн бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу  маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Аталган күүдө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, өнүккөн жолу, кыргыз элинин кажыбас күрөштөрү, өз элинин келечек тагдыры үчүн өмүрүн арнаган чыгаандар даңазаланат.

Бет ачардын алкагында Айбек Карымов «Токтогулдун насыйкаты» жана «Каниет» деген аталыштагы жаңы чыгармаларын аткарды. «Каганат» күүсүнүн негизинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери тарткан анимациясы да көрсөтүлдү.

Булак: Аргумент кж