Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Бүгүнкү күндө бажы кызматы №1 коррупциянын булагы”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Айбек мырза, баягүнү комитеттин жыйынында бажы кызматынын жетекчиси менен бир аз кермур айтыша кеттиңиздер. Менин түшүнгөнүмө караганда, ал ЖМКларга интервью берип, сизди жаманатты кылган окшойт. Ошондойбу?

— Ооба. Менин атым айтылган жок. Бирок 98,5 миллиард планды аткарбай калганда бул маселени мен көтөрүп чыккам. Акылбек Үсөнбекович келгенде айткам ал маселени. Биз бажыга тапшырма койдук, 98,5 миллиардды аткаруу боюнча. Бирок ал “аткара албайм” деп артка кайтып, 73,5 миллиардга түшүрткөн. Анан биздин комитеттин, өкмөттүн дагы чечими ошондой болуп калды. Ошентип, артка кайтканда мен айттым эле “бүгүнкү күндө бажыдагы коррупция жоюлбады, милдеттенмени аткара албай жатат” дегем. Бул жетекчиге байланыштуу болот да.

“Мен түп-тамырынан бери алмаштырганга даярмын, 2023-жылга биз өзүбүз аны көзөмөлгө алабыз” деди Акылбек Үсөнбекович. Кечээки кайым айтышканыбыздын себеби мындай: 74,3 миллиард болуп, план 800 миллион сомго ашыкча аткарылды. Планды аткаруу боюнча элдин алдына чыгып, интервью берип атканда бажы кызматынын төрагасы мени бир аз жамандап кетти. Анан мен “бир аз этият кылып айтсаңыз” дедим. Ага катуурак айтып койдум окшойт.

Эми чындыгында иштеп жаткан жигиттердин бардыгын айдап, өзүнүн жакындарын, классташтарын, досторун жумушка алып келип атпайбы! Анан мен ошондо сурандым эле, “сиз “Семетеевдин кадры экен” деп айдап атасыз. Бирок, булар өмүр бою сиз менен иштешкен адамдар. Алды 30, арты 15-20 жылдан бери ушул бажы тармагында иштеп келишкен. Сиз өзүңүз жакшы билесиз ал жигиттердин бардыгын” десем, “ооба, билем, жакшы жигиттер. Бирок, ушундай талап болуп, айдашка туура келип атат” деген.

“Бир мүмкүнчүлүгү болсо кайра ордуна алып келип койсоңуз. Алар бизнес кыла алышпайт, же башка жумушка орношууга барышпайт. Пенсияга бир ай калганы, эки жыл калганы бар экен, пенсияга чыгып алышсын” деген ойдо сүйлөштүк эле. “Болуптур, бир-эки айда койгонго аракет кылам” деген. Ошону менен жети ай өттү. “Сөз бербедиңиз беле?” десем, “мына, эркекче кол берип атам, сөзсүз коём” деди. Андан кийин да тогуз ай өттү. Жок. Жок болгондон кийин биз аткарылбай калган маселени көтөрүп чыкканбыз да.

— Демек, сиз конкреттүү бир киши эмес, жалпы бошогон кызматкерлер боюнча маселе койгон турбайсызбы?

— Беш-алты, жети-сегиз жер… Көп жерде бошоткон да. Анан эми Кыргызстанда биз баарыбыз бирибирибизди тааныйбыз, билебиз. Анын ичинде жакшы иштеп аткан жигиттер бар эле.

Өмүр бою борбордук аппаратта иштеп, бир жерге кызматка эми орношкондо бул киши келип, себепсиз жумуштан алып атпайбы. Себептүү алса биз түшүнөт элек да. Анан эл өкүлү болгондон кийин бизге кайрылышат, “эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо бир ооз айтып койбойсузбу?” дешип. Биз өтүнүчтү жеткиришибиз керек да. Тигилер күнүгө чалышып, “жардам берип койсоңуз” дешет.

Менин шайлоочуларым, тааныштарым бар. Мен эки чакырылыштын депутатымын. Азыр бир белгилүү округга байлансам, мурунку шайлоодо партиялык система менен келип, жалпы Кыргызстандын депутаты болгом. Анан ошондо тааныш, дос ашырганбыз баарыбыз. Ошон үчүн бизден суранышат. Биз ошон үчүн мүмкүнчүлүгүн сурап туруп министрлерге, башка кызматтардын жетекчилерине кайрылабыз. “Жумушсуз калбасын, бала-чакасын бага албай кыйналбасын, жардам берип коёлу” деген эле ниет. Белгилеп кетким келет, мен сырттан бирөөнү (таанышымды же досумду) алып келген жокмун. Ошол жерде иштеп аткан жигиттерди айдаганын айтып атам. Ал мени өзүнүн таанышын, бир тууганын алып келгендей көрсөтүп атпайбы.

Менин эч бир тууганым мамлекеттик кызматта иштебейт. Бир да жерге “бир тууганымды мына бул мамлекеттик кызматка ал” деп барган жигит эмесмин. Ал эми мага кайрылган адамдарга “жок” дей албайм.

— Cиз учурунда “бажы кызматынын төрагасын баш кылып, дагы алты жетекчини кызматтан алыш керек” деген маселе койдуңуз эле. Азыр деле ошондой көз караштасызбы?

— Кытай тарап “биздин Кыргызстанга саткан товарыбыз 15 миллиард 400 миллион доллар” деп расмий билдирди. Ал эми Кыргызстан тарап… Кечээ мен “бизге келген товар канча?” деп сурасам, “мен билбейт экем, сизге кагаз жүзүндө берейин” деди. А мен кагаз жүзүндө алып алгам, ал менде бар.

4 миллиард 130 миллион доллар деп турат. Айырма 10 миллиард доллардан көбүрөк болуп атат. Ал товар бизге кирди, асманга учуп кеткен жок да. Самат Сатарович жаңы келгенде биз, мен өзүм сурагам, “эгерде бул темп менен иштесеңиз, сиз 98 миллиард сомду аткара албайсыз.

Эмне үчүн дегенде, 98 миллиард сомду 12 айга бөлсөк, айына 8,3 миллиард сомдон акча чогултушуңуз керек. А сиздин эң көп чогултканыңыз 5,5 миллиард сом. Анан кантип чогултасыз?” десем, “мен чогултам, Кудай буюрса, миң сомду үч миң сомго көтөрөм, ошону менен чогулат” деген.

Эгерде миң сомду үч миң сомго көбөйтсө, бажыдан түшкөн акча 135 миллиард сом болушу керек эле. А булар 98 миллиард сомду аткара албай жатпайбы!

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg