Аяз Баетов, «Республика»: УКМК өз кызматын түз аткарбай, медиктерди кечирим суратып жүрдү!
02-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева11-сентябрда «Республика» партиясы өзүнүн тарапташтары менен жолугуп, талапкерлер шайлоо программасы толугу менен тааныштырды.
Юридика илимдеринин доктору Аяз Баетов укук коргоо органдарынын кардиналдуу реформасын өткөрүү зарылдыгын белгиледи. «Республика» УКМКны жоюп Антикоррукциялык кызматынын функцияларын аткаруучу бийликке өткөрүп берүүну сунуштайт.
«УКМК өзүнүн кызматын түз аткарбайт. Соцтармактарда өздөрүнүң ой-пикирин айткан медиктерди колунан кармап, кечирим сураттырып жүрөт. АКК УКМКдан ажырытылышы керек, антпесе улуттук коопсузудгун камсыз кылган кызмат автоматтуу турдө куугунтуктоо машинасына айлдандырып салат», — деди Баетов.
«Республика» жоюлган ведомствонун ордуна Чалгындоо кызматын түзүүсүн сунуштайт. Кызмат ага тийиштүү сырткы чалгындоо жана контрчалгындоо функциялар менен алектенет. Экономикалык кылмыштар — Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы гана. Коомдук коопсуздук – Ички иштер министрлиги гана. Тергөө менен бир гана орган алектенет – Улуттук тергөө бюросу.
«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.
Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.