Дүйнө кабарлары

Аялын жиликтеп, эт туурагычтан өткөрүп салган

Арсеньеве аймагында мыкаачылык менен жиликтелген маркумдун сөөгу менен желим баштыктарга салынган эт туурагычтан өткөрулгөн эттери табылган. Бул тууралуу РИА VladNews жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип жазып чыгышкан.

Маалыматта, мурда зордуктоо менен соттолуп чыккан жаран чогуу жашаган аялы менен ичимдик ичип отурушуп уруша кетишкен. Уруштан улам эркек аялды өлтуруп денесин жиликтеп эттерин шылып алып эт туурагычтан өткөрүн, ар бирин өз өзүнчө кылып желим баштыктарга салып чыккан. Себеби экинчи жолу түрмөгө кирбеш үчүн кылмышын жашыруу аракети болгон. Эл тура электе заводдун айланамсына эт салынган баштыктарды таштап чыккан. Анткени бул тегеректе жолбун иттер көп болгон.

«Адамдын денесинин калдыктары табылгандан кийин адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши ачылып, ага шектүү делип 1979-жылы туулган жаран кармалды. Учурда тергөө абагында отурат. Ал тергөө учурунда кылган кылмышын мойнуна алып, ошол күну жарандык никеде жашаган аялы менен ичип отурушуп руша кеткен. Аялды башка көзгө ургулап сабап жатканда столдун кырына башы тийип мурт кеткен. Абактан чыкканыма аз эле болгондуктан дагы бир аз эркиндикте жашагысы келип, аялынын сөөгүн жоготууга шашылган. Аш бычагы менен туну бою аялды жиликтеп союп, сөөгун бир баштыкка салып, этерин болсо эт туурагычтан өткөрүп баштык баштык кылып салган. Таңга маал жолбун иттерге тамак катары заводдун айланасына таштап чыккан.  Азыркы учурда кылмыш ишин иликтөө уланып жатат. Табылган сөөктөр лабораторияга жиберилип аныкталууда.», –  деп билдирет РФнын Приморск крайы боюнча Кылмыш иликтөө комитетинин жетекчисинин жардамчысы ага лейтенант Аврора Римская.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *