Аялымдын ойношу экен десем…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Аялым экөөбүз тең мамлекеттик кызматта иштейбиз. Бирок жумуштан кечке чейин аялыма беш жолу салам билбейм. Жанында бирөө бардай сезилет берет. Кокусунан аялымдын телефондон бирөө менен аябай сүйлөшүп жатканын көрүп калдым. Бир аз шекшидим. Кызгана түштүм. Ошол күндөн тартып аялымдын артынан сая түштүм. Телефонундагы адам эркек киши болучу. Бир күнү кокусунан жумуштан эрте чыгып аялымдын жумушунун астына барып күтүп отурдум. Улгайган эркек киши да турган. Бир кезде аялым чыгып баягы эркек менен кучакташып көрүштү. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Чын эле аялым менден жашырып ойнош таап алган экен деген ой башыма келе түштү. Унаадан атып чыгып аларды көздөй чуркадым. Жетип барып аялым колтуктап бара жаткан адамды жакадан алдым. Экөө тең түшүнбөй калды. Аялым чырылдап ортого түшүп, «коё бер атамды, жинди болбо»-деди. Аңгыча өтүп бара жаткан эки эркек бизди ажыратып калышты. Аялым баягы кишини кучактап ыйлады. Мен тушунбой турдум. Аялымдан менден да кымбат адамы бар экенине ишене алган жокмун. Жаштуу көз караш менен мага карап:»атама кантип колуңду көтөрдуң?!»-деди.
Кандайча атасы, кайнатам бар эмес беле бул ким деп түшүнө албай турдум. Берки адам түшүндү окшойт. «Уулум мен кызымдын өз атасы болом, биз кызым кичине кезинде ажырашып кеткенбиз. Аны сен билбесең керек»-деди. Уялганымдан кечирим сурап кетип калдым. Аялым ал күнү кеч келди. Ыйдан көзү шишиген.
Көрсө атасы аялым катуу ооруп калганда кайненемди кичинекей кызы менен таштап кетиптир. Кийин кайненем башкага турмушка чыгып аялымдын атасынын ордуна ата болгон экен. Арадан жыйырма жыл өткөндөн кийин өз атасы аялымды издеп акыры жолугуптур. Ал деле атасы бирок мен кайната деп кабыл алган адамды бөтөн адам деп атай албайт элем. Азыр аялым өз атасы менен телефондон сүйлөшүп калат бирок канча чакырдык үйгө таптакыр келбей койду. Аз жерден аялымдын ойношу деп кайнатамдын уруп коё жаздагам.

Аргумент.kg