Коом

Аялымдын калынына берген 200 миң сомду кантип кайрып ала алам?

Мен да башкалар сыяктуу жакшы ниет менен үй-бүлө кургам. Алган жарым менен өмүрүмдүн аягына чейин бирге болуп, уул-кыздарды тарбиялап чоңойтобуз дегем. Эх, бактыбыз болгону бир айга созулду. Күн сайын сүйүктүү келинчегимди эстейм. Эч эле унута албай койдум. Сыртка чыксам да, үйгө кирсем да, көз алдыма ак жоолук салынып жүргөн элеси келет.
Келинчегим менен эки-үч ай сүйлөштүк. Ооба, бул кыска убакыт. Бирок, бактылуу болоорубузга көзүбүз жеткен. Эч ким бизди мажбурлаган жок. Баш кошуу тууралуу ниетибизди ата-энебизге айттык. Алар баталарын беришти.
Билбейм, катуу чарчаганбызбы, айтоор ишибиз толук бүтпөй калды. Күнөөлөгөн жокмун, ага ыраазы экенимди айттым. Келинчегимди коштоп келген жеңелердин сыртта күтүп турганын унутуп, бейкапар уктап калыппыз.
Кыскасы, “кыз чыкпай калды” деген сөз келинчегимдин апасына жетиптир. Сөздөн-сөз чыгып отуруп абал курчуп кетти. Акыры бизди ажыратып тынышты. Күнөөнүн баары кызда, ата-энеси да жакшы билет. Биздин ажырашуубузга шейшеп текшеруу жоролгосу себеп болду . Ушак создун айынан .
Калыңга – 200 миң сом, бир торпок, 20 кой бергем. Азыр менде эки гана суроо бар: кайра кантип үйлөнөм жана берген калыңымды кантип өндүрөм?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *